Биздин санаторий Кыргыз Республикасындагы эн мыкты санаторийлердин бири болуп эсептелет.

«Ысык-Көл Аврора санаториясы» мамлекеттик мекемеси жыл бою иштейт жана 40 жылдан ашуун убакыттан бери курорттук жана туристтик рынокто кызмат көрсөтуп келе жатат. 

Биздин санаторий байыркы тоңбос Ысык-Көлдүн түндүк жээгиндеги курорттук аймактын борборунда жайгашкан.

ДЕНИЗ ДЕҢГЭЭЛИНЕН

0

ЖОГОРУ ЖАНА ЖЫЛ БОЮНЧА ИШТЕЙТ.

0

Гектар
өзгөчө парк санаторийди курчап турат. Жалбырактардын шыбырашы, карагайдын ийне жыты, шамдагай кызыл чычкандар жаратылыш менен биримдикте мемиреген эс алуу сезимин туудурат. Жашоо шартынын ыңгайлуулугу жана өзгөчө абасы эс алуу жана ачык асманда спорт машыгуусу үчүн жагымдуу шарттарды түзөт.

«Ысык-Көл Аврора» санаторийинин жайгаштыруу бөлмөлөрү боюнча маалымат:

Негизги имаратта - 146 бөлмө жайгашкан:

Бир кишилик бөлмөлөр
(“стандарт”, “жарым люкс” классы жана “эконом” классы).

“Апартамент”, “люкс” жана “жарымлюкс” бөлмөлөрү

Эки кишилик (“стандарт” жана “эконом” класстагы) бөлмөлөр;

«Ысык-Көл Аврора санаториясы» мамлекеттик мекемеси Булан-Сөгөттү айылында жайгашкан жана 1979-жылдан бери курорттук жана туристтик тейлөө аймагында кызмат кылууда.

«Ысык-Көл Аврора санаториясы» мамлекеттик мекемеси Булан-Сөгөттү айылында жайгашкан жана 1979-жылдан бери курорттук жана туристтик тейлөө аймагында кызмат кылууда. Кырк жылдан ашык убакыттан бери Ысык-Келдун курорттук зонасынын жана Кыргызстандын курорттук ишканаларынын арасында алдынкы орунда келе жатат. Учурда «Ысык-Көл Аврора» санаторийи Кыргызстандагы курорттук бизнестин флагманы болуп саналат. Санаторийди долбоорлоо жана куруу 1970-жылдары башталган. КПСС Борбордук Комитетинин тапшыруусу боюнча өлкөдө эн мыкты санатория-курорттук комплексти куруу керек эле жана ал жерде эс алуу жана дарылануу гана эмес, ошондой эле иш-сапары менен жолугушууларды, ири семинарларды жана симпозиумдарды өткөрүү кызматтары көргөзүлүш керек болчу. Бул максаттар үчүн бардык зарыл болгон курулуштар, имараттар жана адистештирилген жайлар иштелип чыккан.
Санаторийлик комплекстин долбоору 1972-жылы иштелип чыгып, ушул эле 1972-жылы санаторийдин курулушу башталган. Бул жер кокустан тандалган эмес:

Биринчиден, ал Чолпон-Ата шаарынан алыс эмес 19 чакырым алыстыктагы облустун тарыхый жактан калыптанган курорттук борборунда жайгашкан жана анын айланасында көптөгөн жайкы эс алуу ишканалары бар.
Экинчиден, бул аймактагы деңиз деңгээлинен эң бийиктикте (1609 метр бийиктикте) жана түндүк жээгинде көлдүн бетинин (күзгү) эң чоң туурасынан жайгашканы менен мүнөздөлөт. Бул микроклиматтын бир түрүн түзүп, бийик тоолуу аймактардын климаттык карама-каршылыктарын тегиздейт.
Санаторийдин жалпы аянты 40,22 га жерди ээлеп, дендропаркта: сейрек кездешүүчү дарактардын ар кандай түрлөрү, таза көлмө, таза көлдүн суусу бар 2,7 га жакын шагыл-кумдуу пляж, кайыктар үчүн кайыкчасы бар атайын жасалган пирс, жыгачтан жасалган коттедждер, жана табияттын кооз пейзажына төп келген, “Ак пароходго” окшогон кооз имараты жайгашкан. Азыркы мезгилде биздин санаторий уникалдуулугу жана кайталангыстыгы менен Аврора брендинин статусун жаратып, Кыргыз Республикасынын курорттук визиттик картасын түзөт. Санаторийдин негизги башкы корпусунда уктоочу бөлмөлөрдөн турган корпус, медициналык корпус, ресторандар, барлар, бассейн, кинотеатр жана бир нече конференц-залдары жайгашкан.

СЫНЛАР

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ИШ БАШКАРМАСЫНЫН

ведомстволук уюмдары

№1 Мамлекеттик резиденция
№2 Мамлекеттик резиденция
image-20-4
Түштүк резиденция
5_1657026795_lg
«Джалал-Абад» мамлекеттик резиденциясы
895721.9345bbfec3bf293e9d4409739b6da048
Автотранспорттук бирикме
348485-1024x680
АЛА-АРЧА ЖАРАТЫЛЫШ ПАРКЫ
20190624_132003 (1)
Спорттук комплекс
1572934911_oxota-4
Аңчылык чарбасы
common
Клиникалык оорукана
stroika1
Кыргызкурулушсервис
32482924_1919097858141777_5890137580166447104_n
"Манас" камералык оркестри
cifrovoe-nanesenie
Басма мамлекеттик ишкана
121
№144 балдар бакчасы
BAD42164-3495-4EA9-87DF-3916C3FFB052_w1080_h608
МИ «Кыял»
mob3
МИ "Ыссык-Көл Аврора"